# 505-16-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202393)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202393/st-505-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3822/edition/466017/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 505-16-статья (28.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202393/st-505-16

---

жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".

9. 532-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"532-статья. Оюн-зоок. лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган

Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин. ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган ушул Кодекстин 327-338-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Кыргыз Республикасынын оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар базарындагы ишти контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басары укуктуу.".

10. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-2-статья менен толукталсын:

"546-2-статья. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары ушул Кодекстин 35-2-главасында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын начальниги укуктуу.".

---

Мурунку берене: [505-15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202393/st-505-15)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202393/st-2)
