505-16-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы
Күчүн жоготкон · 28.07.2008 редакциясы
жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн - ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 532-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"532-статья. Оюн-зоок. лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган
Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин. ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы ишти контролдоочу орган ушул Кодекстин 327-338-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Кыргыз Республикасынын оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле баалуу кагаздар базарындагы ишти контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басары укуктуу.".
10. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-2-статья менен толукталсын:
"546-2-статья. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары ушул Кодекстин 35-2-главасында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын начальниги укуктуу.".
Берененин тексти 28.07.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
505-16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202393/st-505-16" title="505-16-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>