1-берене
Күчүн жоготкон · 28.07.2008 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик органдын кызмат адамынын кийлигишүүсү аркылуу экономикалык зыян келтирүү.".
2. 328-1-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өз милдеттерин аткарбагандыгы"; 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, пайлык инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталган өз милдеттерин аткарбагандыгы же сактабагандыгы, -".
3. 328-2-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу"; 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун тартылган акчалай каражаттарын максатсыз пайдалануу -".
4. 328-3-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддордун ишиндеги чектөөлөрдүн сакталбагандыгы"; 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чектөөлөргө карабастан жүргүзүшү, -".
5. 328-4-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонд анын мүлкүн эсепке алуунун жана сактоонун талаптарын бузушу"; 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инвестициялык фонддун мүлкүнүн эсебин алуу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагандыгы, ага тете эле мүлктү сактоонун жана баалуу кагаздарга укуктарды каттоонун баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартибин бузуу, -".
6. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-глава менен толукталсын:
"24-1-ГЛАВА ОЮН-ЗООК, ЛОТЕРЕЯ, КАМСЫЗДАНДЫРУУ ИШИНИН, МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ПЕНСИЯЛЫК ФОНДДОРДУН, ПЕНСИЯЛЫК АКТИВДЕРДИ БАШКАРГАН КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР
Берененин тексти 28.07.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202393/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>