# КР 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3819/edition/469739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202389

---

КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 19-апрели № 62

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202389/st-1)

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.)

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

9-статьяда:

- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толук-

талсын:

"- аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуу, чыгаруу жана сатуу

жана кызмат көрсөтүү;";

статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү: куралдар, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк,

документтер, интеллектуалдык ишкердиктин натыйжалары, Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарында аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскер-

дик-техника жагындагы маалыматтар аскердик багыттагы продукциялар деп

түшүнүлөт. Оњдоо, модернизациялоо боюнча жумуштар, куралдарды, аскер-

дик-техниканы утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана

сактоо аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү деп түшүнүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202389/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин

күчүнө кирет.

"Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 22-апрелинде № 29 жарыяланды

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202389/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган
