# 9-статья. Өкмөттүн курамынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 9-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-9

---

мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Өкмөтүнүн жањы курамынын ыйгарым укуктары ал түзүлгөн күндөн

тартып башталат.

2. Өкмөттүн мурдагы курамынын ыйгарым укуктары Өкмөттүн жањы кура-

мы түзүлгөн күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана

ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте токтоту-

лат.

3. Өкмөт же Премьер-министр отставкага кеткен учурда, Премьер-ми-

нистр жана Өкмөт мүчөлөрү жањы Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү да-

йындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.

4. Премьер-министр кызматынан төмөнкүдөй учурларда бошотулат:

- өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде;

- ушул конституциялык Мыйзамдын 5-статьясынын 4-бөлүгүндө карал-

ган, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралган

чектөөлөрдү сактабаган учурларда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-

готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

- ден соолугунун абалына байланыштуу медициналык корутундуга ыла-

йык өз милдеттерин аткарышы мүмкүн болбой калганда;

- соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда;

- аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле ал каза болгондо;

- ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.

5. Өкмөт мүчөсү төмөнкү учурларда кызматынан бошотулат:

- өзүнүн өтүнүчү боюнча отставкага кеткенде, же ага Конституцияда

каралган тартипте ишеним көрсөтүлбөгөндө;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-

готкондо, же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

- соттук тартипте аны ишке жараксыз деп тааныганда;

- аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө киргенде, же ал каза болгондо;

- ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- Өкмөттүн түзүмү өзгөргөндө;

Өкмөт мүчөсү кызматынан ошондой эле өз демилгеси боюнча Президент

тарабынан же Премьер-министрдин сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-10)
