# 7-статья. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 7-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-7

---

1. Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрүнүн кыз-

матына талапкерлерди аныктайт.

Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин

тейлеген Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматына талап-

керлер Өкмөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн

ичинде Президентке киргизилет.

Премьер-министр ар бир талапкердин саясий партияга же фракцияга

тиешелүүлүгүн көрсөтүү менен, бекитилген түзүмгө ылайык Өкмөт

мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлердин тизмесин беш жумушчу күндүн

ичинде киргизүүгө милдеттүү.

Эгерде Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүнө ылайык Өкмөт мүчөлөрүнүн

кызматына талапкерлерди белгиленген мөөнөттүн ичинде Президентке кир-

гизбесе, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жана Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциясынын 69-беренесинде белгиленген тартипте,

Премьер-министрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнү

башка саясий партиянын депутаттарына тапшырат.

2. Президент талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып үч күндөн ке-

чиктирбестен Өкмөт мүчөлөрүн, анын ичинде коргоо, улуттук коопсуздук,

ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.

3. Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер

маселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясында жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда жана

тартипте Өкмөт мүчөсү кызматынан бошогондо Премьер-министр Өкмөттүн

мүчөсү боюнча сунушту Президентке бош орун пайда болгон күндөн тартып

беш жумушчу күндүн ичинде киргизет.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-8)
