# 6-статья. Өкмөттүн түзүмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 6-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-6

---

1. Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана өзү дайындалган

күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде аны Жогорку Кењешке бекитүүгө

киргизет.

Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењешке Премьер-министр тарабынан жазуу

жүзүндө Премьер-министрдин расмий бланкында киргизилет.

Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде Премьер-министр тарабынан

аныкталган Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењештин кароосуна бекитүүгө кирги-

зилбесе, Премьер-министр кызматынан бошотулат, ал эми Өкмөттүн түзүмү

Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте дайындал-

ган Премьер-министр тарабынан аныкталат.

2. Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөттүн түзүмү Жогорку

Кењеш тарабынан беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен бекитилет. Өкмөттүн

түзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө Премьер-министрдин

макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Өкмөттүн түзүмү беш жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кењеш тарабынан

бекитилбеген учурда, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жана

ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесинде

аныкталган тартипте башка саясий партиянын депутаттарына Премьер-ми-

нистрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнү тапшырат.

Өкмөттүн түзүмү мыйзам менен бекитилет жана Президентке кол коюуга

жөнөтүлөт.

3. Өкмөттүн бекитилген түзүмү Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө

өзгөртүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-ми-

нистр тарабынан демилгеленет жана Жогорку Кењеш тарабынан каралат жана

мыйзам түрүндө бекитилет.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-7)
