Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Өкмөттүн түзүмү
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
1. Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана өзү дайындалган
күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде аны Жогорку Кењешке бекитүүгө
киргизет.
Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењешке Премьер-министр тарабынан жазуу
жүзүндө Премьер-министрдин расмий бланкында киргизилет.
Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде Премьер-министр тарабынан
аныкталган Өкмөттүн түзүмү Жогорку Кењештин кароосуна бекитүүгө кирги-
зилбесе, Премьер-министр кызматынан бошотулат, ал эми Өкмөттүн түзүмү
Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте дайындал-
ган Премьер-министр тарабынан аныкталат.
2. Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөттүн түзүмү Жогорку
Кењеш тарабынан беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен бекитилет. Өкмөттүн
түзүмү аны талкуулоонун жана бекитүүнүн жүрүшүндө Премьер-министрдин
макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
Өкмөттүн түзүмү беш жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кењеш тарабынан
бекитилбеген учурда, Президент Премьер-министрди кызматтан бошотот жана
ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесинде
аныкталган тартипте башка саясий партиянын депутаттарына Премьер-ми-
нистрдин кызматына дайындоо үчүн жањы талапкерди киргизүүнү тапшырат.
Өкмөттүн түзүмү мыйзам менен бекитилет жана Президентке кол коюуга
жөнөтүлөт.
3. Өкмөттүн бекитилген түзүмү Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө
өзгөртүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-ми-
нистр тарабынан демилгеленет жана Жогорку Кењеш тарабынан каралат жана
мыйзам түрүндө бекитилет.
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202387/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>