# 5-статья. Премьер-министрдин кызматына талапкерди аныктоонун жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 5-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-5

---

дайындоонун тартиби

1. Премьер-министрдин кызматына талапкер Кыргыз Республикасынын

Конституциясында жана ушул статьяда белгиленген тартипте аныкталат жана

дайындалат.

Мында Президент ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген,

Премьер-министрдин кызматына белгиленген тартипте киргизилген талапкер-

ди четке кагууга укуксуз.

Жањы Премьер-министр дайындалган күндөн тартып иштеп жаткан Премь-

ер-министр кызматынан бошотулат.

2. Премьер-министрликке 25тен жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес,

ишке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны аныкталышы жана дайындалы-

шы мүмкүн.

Соттолгондугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле башка

мамлекеттин жарандыгында турган (кош жарандуулук) Кыргыз Республикасы-

нын жараны Премьер-министр болушу мүмкүн эмес.

3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдык

кызматта, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке менчик уюмдарда,

мекемелерде, ишканаларда башка кызматтарды ээлей албайт.

Премьер-министрге ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында

Өкмөт мүчөлөрү үчүн белгиленген башка чектөөлөр жайылтылат.

4. Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып он төрт күндөн

кечиктирбестен Премьер-министрдин кызматы менен айкалышпаган ыйгарым

укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө тийиш.

Ушул талап бузулган учурда Премьер-министр кызматынан бошотулат

жана анын милдетин аткаруу ушул конституциялык Мыйзамда каралган тар-

типте жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-1)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-6)
