# 17-статья. Өкмөттүн отчету

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 17-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-17

---

Премьер-министр жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен Жогорку Кењешке

Өкмөтүнүн мурунку жылдагы иштери жөнүндө республикалык бюджеттин атка-

руу көрсөткүчтөрүнө негизделген отчет берет.

Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйынтык-

тары боюнча Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө

маселени карай алат.

Президентти кезектеги шайлоого алты ай калганда Өкмөткө ишеним

көргөзбөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынан каралышы мүмкүн эмес.

Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө Жогор-

ку Кењештин токтому жети күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтүлөт.

Өкмөткө же Өкмөттүн айрым мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө токтом

Президент тарабынан каралат жана үч айдан кечиктирбестен Президент

Өкмөттүн же Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отставкага кетүүсү тууралу чечим

кабыл алууга укуктуу.

Эгерде Президент Өкмөттү отставкага кетирүүдөн расмий баш тарткан

күндөн тартып үч айдын аралыгында Жогорку Кењеш Өкмөткө ишеним

көргөзбөө жөнүндө кайрадан чечим кабыл алса, анда Президент Өкмөткө

кайталап ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынгандан кийин алты айдын

ичинде Өкмөттү отставкага кетирет же Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда

шайлоолорду дайындайт.

Жогорку Кењеш Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн отчетунун жыйынтыгы боюнча

ага ишеним көргөзбөгөн учурда Президент Өкмөттүн мүчөсүн отставкага ке-

тирүү же Жогорку Кењештин чечимине макул болбоо тууралу чечим кабыл

алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кењешке жазуу жүзүндө билдирет.

Эгерде Жогорку Кењеш Өкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө жөнүндө

Жогорку Кењештин чечимине макул эместиги тууралу Президент билдирген

күндөн тартып алты айдын ичинде анын отчетунун жыйынтыгы боюнча

Өкмөттүн мүчөсүнө ишеним көргөзбөө тууралу кайрадан чечим кабыл алса,

Президент Өкмөттүн мүчөсүн кызматтан кетирүүгө милдеттүү.".

3. 18-статьяда:

1-бөлүгүндө:

- 4-пунктча "коммерциялык уюмдун" деген сөздөрдүн алдында "менчик-

тин мамлекеттик үлүшүнө ээ болбогон" деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пунктча алып салынсын;

3-бөлүк "администрациялык ведомстволордун" деген сөздөрдөн кийин

"жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын" деген сөздөр менен толук-

талсын.

4. 19-статьяда:

4-бөлүк алып салынсын;

5-бөлүк "администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин "жа-

на аткаруу бийлигинин башка органдары" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 20-статьяда:

2-бөлүктө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын" деген

сөздөр "аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын, менчиктин мамлекеттик үлүшүнө ээ болгон уюмдардын

жана ишканалардын" деген сөздөр менен алмашылсын;

5-бөлүктө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген

сөзгө алмашылсын;

6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өкмөттүн жыйналыштарында чечим Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынын

көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурда

Премьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.".

6. 21-статьяда:

2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттик

саясатты жүргүзүүчү жана тиешелүү чөйрөдө башкарууну жүзөгө ашыруучу

борбордук органы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети тармактар аралык коор-

динациялоону жана тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик органдардын иштерин ко-

ординациялоо боюнча башка аткаруучу-тескөөчү ишмилдеттерди жүзөгө ашы-

руучу аткаруу бийлигинин борбордук орган болуп саналат.";

9-бөлүктө "ал эми алар жөнүндө тийиштүү мыйзамдар Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат" деген сөздөр "коргоо,

улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамле-

кеттик органдарды кошпогондо" деген сөздөр менен алмашылсын.

7. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин

башка органдары

1. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка ор-

гандары өз иштерин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги менен жүзөгө

ашырышат.

2. Администрациялык ведомстволорго Өкмөткө караштуу мамлекеттик

агенттиктер жана мамлекеттик инспекциялар кирет.

Мамлекеттик агенттик - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийлик

органынын ишмилдеттерин, негизинен маалыматтык формада жүзөгө ашыруучу

администрациялык ведомство.

Мамлекеттик инспекция - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийлик

органынын көзөмөлдүк жана инспектордук ишмилдеттерин жүзөгө ашыруучу

администрациялык ведомство.

Мамлекеттик агенттиктерди жана мамлекеттик инспекцияларды дирек-

торлор жетектешет.

Мамлекеттик агенттиктер, мыйзамда каралган учурларда директордун

жетекчилиги алдындагы коллегиалдык орган тарабынан жетектелиши мүмкүн.

Администрациялык ведомстволордун жетекчилери Премьер-министрдин

сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Администрациялык ведомс-

тволордун жетекчилерин бошотуу Президент тарабынан жүргүзүлөт. Премь-

ер-министр администрациялык ведомствонун жетекчисин бошотуу тууралу

Президентке сунуш киргизүүгө укуктуу.

3. Өкмөттүн жетекчилиги алдында министрликтерге, мамлекеттик коми-

теттерге же администрациялык ведомстволорго баш ийдирилбеген кызматтар

жана комиссиялар түрүндөгү аткаруу бийлигинин башка органдары түзүлүшү

жана иштеши мүмкүн.

Кызмат - башкаруунун дайындуу бир тармагында мамлекеттик саясатты

камсыз кылуу максатында түзүлүүчү, эреже катары, атайын статуска ээ ый-

гарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылуучу уюмдаштыруу

түзүмү.

Комиссия - мамлекеттик турмуштун, анын ичинде экономикалык, соци-

алдык, гуманитардык жана маданий иш чөйрөлөрүндө маанилүү маселелерди

комплекстүү чечүү максатында түзүлүүчү уюштуруу түзүмү.

Кызматтарды жана комиссияларды Премьер-министрдин сунушу боюнча

Президент тарабынан дайындалган төрагалар жетектешет.

4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралган жобо ад-

министрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдары-

нын жетекчилерине бирдей колдонулат.

5. Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрация-

лык ведомстволорго же аткаруу бийлигинин башка органдарына баш ийдирил-

ген, юридикалык жактын статусуна ээ ведомстволук бөлүмчөлөрдү түзөт,

жоет жана кайра уюштура алат.".

8. 24 жана 25-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24-статья. Өкмөттүн Аппараты

Өкмөттүн ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруучулук жана укуктук жак-

тан камсыздоону, ошондой эле Өкмөт кабыл алган чечимдерди аткаруу бий-

лигинин органдарынын аткарышын көзөмөлдөөнү уюштурууну Өкмөттүн Аппара-

ты жүзөгө ашырат.

Өкмөттүн Аппаратынын жобосу жана түзүмү Өкмөт тарабынан бекитилет.

Өкмөттүн Аппаратын кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министри

болуп эсептелген Аппарат жетекчиси башкарат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-16)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-25)
