# 16-статья. Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 16-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-16

---

жоопкерчиликтери

1. Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана

ушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Президенттин жана Жогор-

ку Кењештин алдында жооптуу жана отчет берет.

Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын,

Өкмөттүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук

актыларын аткаруу боюнча өз иштери үчүн жооптуу.

2. Премьер-министр, ошондой эле Өкмөттүн ар бир мүчөсү өзүнүн иш-

мердиги жана тийиштүү мамлекеттик органдын иштери үчүн тиешелүү түрдө

Президенттин, Өкмөттүн, Премьер-министрдин алдында кертбаштары менен

жана Өкмөттүн иштери үчүн Жогорку Кењештин алдында коллегиалдуу жооп-

керчилик тартышат.

Өкмөттүн мүчөсү жана администрациялык ведомствонун, аткаруу бийли-

гинин башка органынын жетекчиси кол койгону, виза салганы жана тиешелүү

чечимдерди жана документтерди кабыл алганы үчүн кертбашы менен жоопкер-

чилик тартат.

Өкмөт кабыл алган чечим үчүн Өкмөт жоопкерчилик тартат. Минист-

рликтер, мамлекеттик комитеттер кабыл алган чечим үчүн тийиштүүлүгүнө

жараша анын жетекчиси жоопкерчилик тартат.

3. Өкмөт мүчөсүнүн антты бузуусу, ошондой эле ушул конституциялык

Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары-

нын талаптарын бузуусу ага карата тартиптик жаза чарасын колдонууга,

анын ичинде аны кызматынан бошотууга да, негиз болуп саналат.

Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конституци-

ялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-

ларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата аларды кызматынан бошотууга че-

йинки тартиптик жаза чараларын колдонот.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул конс-

титуциялык Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук

актыларына ылайык Өкмөт мүчөлөрүнө карата тартиптик жаза чараларын кол-

донот.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-17)
