# 15-статья. Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 15-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-15

---

төрагаларынын ыйгарым укуктары

Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары өз компетен-

цияларынын чектеринде:

1) тийиштүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана иш-

ке ашырууну жүзөгө ашырышат;

2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн кертбашы менен жооп бери-

шет;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-

денттин актыларынын, Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдо-

рунун жана тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн өз компе-

тенцияларынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды жана

тескемелерди чыгарышат, алардын аткарылышын уюштурушат, текшеришет жана

камсыз кылышат;

4) Өкмөткө отчет беришет;

5) ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн чечимдеринин

долбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка

материалдарды иштеп чыгууну уюштурушат жана Өкмөттүн кароосуна киргизи-

шет;

6) Өкмөттүн же Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Жогорку Кењеш-

те Өкмөттүн атынан чыгышат;

7) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда

Өкмөттүн атынан чыгышат;

8) Президент тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктар боюнча эла-

ралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюшат;

9) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча эларалык келишимдерге жана ведомс-

тволор аралык мүнөздөгү макулдашууларга кол коюшат;

10) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-

рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын

кошпогондо, министрдин же мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун баса-

рынын кызматына (анын ичинде, биринчилерин) дайындоо үчүн талапкерлер

боюнча Премьер-министрге сунуштарды киргизишет;

11) тийиштүү аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класс-

тык чендерди, дипломаттык рангдарды жана атайын наамдарды ыйгарышат;

12) өздөрүнүн орун басарларына, статс-катчыларына жана аткаруу

бийлигинин аларга баш ийген органдарынын башка жетекчилерине карата

сыйлоо же тартиптик жазалоо чараларын колдонушат; аларга карата ти-

йиштүү сыйлоо же тартиптик жаза чараларын, аларды ээлеген кызматынан

бошотууну да кошо, колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуш киргизишет;

13) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка

ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-

шат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-16)
