Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
төрагаларынын ыйгарым укуктары
Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары өз компетен-
цияларынын чектеринде:
1) тийиштүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана иш-
ке ашырууну жүзөгө ашырышат;
2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн кертбашы менен жооп бери-
шет;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-
денттин актыларынын, Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдо-
рунун жана тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн өз компе-
тенцияларынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды жана
тескемелерди чыгарышат, алардын аткарылышын уюштурушат, текшеришет жана
камсыз кылышат;
4) Өкмөткө отчет беришет;
5) ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн чечимдеринин
долбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка
материалдарды иштеп чыгууну уюштурушат жана Өкмөттүн кароосуна киргизи-
шет;
6) Өкмөттүн же Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча Жогорку Кењеш-
те Өкмөттүн атынан чыгышат;
7) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда
Өкмөттүн атынан чыгышат;
8) Президент тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктар боюнча эла-
ралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюшат;
9) Өкмөттүн тапшыруусу боюнча эларалык келишимдерге жана ведомс-
тволор аралык мүнөздөгү макулдашууларга кол коюшат;
10) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-
рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын
кошпогондо, министрдин же мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун баса-
рынын кызматына (анын ичинде, биринчилерин) дайындоо үчүн талапкерлер
боюнча Премьер-министрге сунуштарды киргизишет;
11) тийиштүү аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класс-
тык чендерди, дипломаттык рангдарды жана атайын наамдарды ыйгарышат;
12) өздөрүнүн орун басарларына, статс-катчыларына жана аткаруу
бийлигинин аларга баш ийген органдарынын башка жетекчилерине карата
сыйлоо же тартиптик жазалоо чараларын колдонушат; аларга карата ти-
йиштүү сыйлоо же тартиптик жаза чараларын, аларды ээлеген кызматынан
бошотууну да кошо, колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуш киргизишет;
13) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка
ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-
шат.
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202387/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>