# 14-статья. Биринчи вице-премьер-министрдин жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 14-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-14

---

вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары

Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер өз ком-

петенцияларынын чектеринде:

1) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-

рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

аткаруу бийлигинин башка органдарынын, аларга берилген мамлекеттик ый-

гарым укуктары боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,

Өкмөткө түз баш ийген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алар-

дын бирикмелеринин иштерин координациялоону жүзөгө ашырышат;

2) өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн Премьер-министрдин жана

Өкмөттүн алдында кертбашы менен жооп беришет;

3) добуш берүү укугу менен Өкмөттүн жыйындарына катышышат;

4) белгиленген тартипте милдеттүү түрдө аткарылуучу тапшырмаларды

жана көрсөтмөлөрдү беришет;

5) Премьер-министрдин тапшыруусу боюнча анын айрым ыйгарым укукта-

рын аткарышат;

6) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка

ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болу-

шат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-15)
