Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-статья. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
1. Өкмөттү Премьер-министр башкарат.
2. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз
Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана Президенттин жарлыкта-
рына ылайык:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Прези-
денттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын
аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан сырткары жерлерде
Өкмөттүн атынан чыгат;
3) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт;
4) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин,
министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администра-
циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи-
леринин жумуштарын багыттайт жана көзөмөлдөйт;
5) Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги ба-
гыттары боюнча Президенттин жана Өкмөттүн кароосуна сунуштарды кирги-
зет;
6) Өкмөттүн коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер
маселелерин тейлеген мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсүнүн кызматына
дайындоо үчүн талапкерлерди аныктайт жана Президентке киргизет;
7) коргоо жана улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселе-
лерин тейлеген мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду, алардын башкаруу
схемасын жана сандык чегин Президенттин бекитүүсүнө киргизет;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызма-
тына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Президентке кењеш берет;
9) Өкмөттүн түзүмүн аныктайт жана аны Жогорку Кењештин бекитүүсүнө
киргизет;
10) мамлекеттик бюджеттин эсебинен кармалуучу органдар үчүн кадр-
ларды даярдоонун жана тандоонун, мамлекеттик органдарды каржылоонун жа-
на мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тутумун Пре-
зиденттин бекитүүсүнө киргизет;
11) Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүк программасын жактыруу үчүн Жо-
горку Кењешке сунуш кылат;
12) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, ви-
це-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
13) Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жумуштарын
уюштурат;
14) Өкмөттүн жыйындарында төрагалык кылат;
15) Өкмөттүн токтомдоруна, буйруктарына, жыйындарынын протоколдо-
руна, Премьер-министрдин буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын
камсыз кылат;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
өкмөттөр аралык жана башка эларалык келишимдерге жана макулдашууларга
кол коет;
17) мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган тартипте минист-
рликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомство-
лордун статс-катчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
18) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-
рин тейлеген министрлердин орун басарларын, мамлекеттик комитеттердин
төрагаларынын орун басарларын кошпогондо, министрлердин, мамлекеттик
комитеттердин төрагаларынын сунушу боюнча министрлердин орун басарларын
жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын кызматка
дайындайт жана бошотот;
19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-
рин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, админист-
рациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетек-
чилерин дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет;
20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-
рин тейлеген администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, администрация-
лык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери-
нин сунуштары боюнча администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлиги-
нин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларын дайындайт жана
бошотот;
21) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кењешчиле-
рин жана жардамчыларын, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын,
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, Өкмөттүн Жо-
горку Кењештеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку жана
жергиликтүү сотторундагы туруктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарла-
рын дайындайт жана бошотот;
22) министрлерди, мамлекеттик комитеттердин төрагаларын, админист-
рациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
жана Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчиле-
рин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыла-
рын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жагынан
сыйлоо чараларын колдонот;
23) төмөнкүлөргө карата тартиптик жаза чараларын колдонот:
а) министрлерге жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, адми-
нистрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин Өкмөткө баш ийген
башка органдарынын жетекчилерине; Президент тарабынан дайындалган адам-
дарды кызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуштарды киргизет;
б) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына; аларды
кызматтан бошотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизүү менен, аларды он
беш күндүк мөөнөткө чейин кызматынан убактылуу четтетет;
в) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жагында
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына;
г) аткаруу бийлик органдарынын өзү кызматка дайындоочу жана бошо-
туучу башка кызмат адамдарына, Өкмөткө түз баш ийген мамлекеттик ишка-
налардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине;
24) белгиленген тартипте мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана
мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык
аймактардын башкы директорлорун, алардын орун басарларын дайындайт жана
бошотот;
25) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башка
өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга,
жогорку аскер наамдарына, дипломаттык рангдарга, класстык чендерге,
Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарына көрсөтөт;
26) ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка
ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарга ээ болот.
Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелери
түрүндө кабыл алынат.
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202387/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>