# 11-статья. Өкмөттүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3817/edition/407090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202387/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 11-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген Президент-

тин жана Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды

кошпогондо, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул конституциялык

Мыйзамда аныкталган иштеринин негизги багыттарына жана принциптерине,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги

багыттарына ылайык Өкмөт төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,

Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын, Жо-

горку Кењештин токтомдорунун аткарылышын камсыз кылат;

2) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз

кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылы-

шын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык

келишимдердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын өкмөттөр

аралык келишимдерин (макулдашууларын) түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл

алат; мындай келишимдерди узартат же жокко чыгарат; Кыргыз Республика-

сынын аймактарынан тышкаркы жерлерде анын жарандарын коргойт;

4) бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашырат; мыйзамдарды

өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жана

аларды Жогорку Кењештин кароосуна киргизет;

5) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарынын, Президенттин, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн че-

немдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз

Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү аткарылуучу токтомдорду жана

тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењештин кароо-

суна жана бекитүүсүнө киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; рес-

публикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кењештин кароо-

суна жана бекитүүсүнө киргизет;

7) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн

же анын киреше бөлүгүнүн азайышын караган мыйзам долбоорлорун каржылоо

булактарынын бар экендиги жөнүндө корутунду берет;

8) Өкмөттүн иш программасын жана башка экономикалык, социалдык,

илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программала-

рын, ошондой эле коопсуздук, коргоо жана аскер реформасы жагындагы жал-

пы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

9) бюджеттик-каржы, баа, тариф, инвестиция, тышкы экономикалык,

салык жана бажы саясаттарын жүргүзүүнү камсыз кылат;

10) техникалык жөнгө салуу тармагында ыйгарым укуктарды жүзөгө

ашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнүн программа-

сын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн

кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;

11) атаандаштык саясатты ишке ашырат;

12) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүктү коргоо, конс-

титуциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргоо

жөндөмдүүлүгү, улуттук жана коомдук коопсуздук, укук тартиби боюнча ча-

раларды ишке ашырууну камсыз кылат, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуу-

лукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

13) маданият, спорт, илим, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек,

калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция, социалдык жактан камсыз кы-

луу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайда-

лануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер боюнча мамилелерди жөнгө салуу

чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылат;

14) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын иштерин жетектейт;

15) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, адми-

нистрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын башчыларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын

жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыла-

рынын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жагындагы отчетто-

рун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген

актыларын жокко чыгарат;

16) менчиктин бардык түрлөрүнүн бирдей шарттарда өнүгүшүн жана

алардын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

17) мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды

көрөт, мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамле-

кеттик ишканаларды жана уюмдарды уюштурат, Кыргыз Республикасынын мен-

чигин мамлекеттен ажыратууну жана менчиктештирүүнү уюштурат;

18) жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

19) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-

рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, министрликтердин, мам-

лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка ат-

каруу бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу жоболорду бекитет;

20) коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселеле-

рин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогондо, республикалык бюджеттин

эсебинен күтүлчү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-

рациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын башка-

руу схемасын жана сандык чегин бекитет;

21) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түзүмдөрүн жана

штатынын санын бекитет;

22) консультациялык-кењешүүчү органдарды уюштурат; өкмөттүк комис-

сияларды түзөт;

23) адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен

сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык

чендерди, ардак жана башка атайын наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;

24) ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө жобону жана алардын

өнүгүү программаларын бекитет;

25) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды уюш-

турат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;

26) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары, Президенттин жарлыктары менен өзүнүн карамагына берилген

башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202387/st-12)
