# КР 2008-жылдын 21-июлу № 163 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу " Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлу № 163 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3804/edition/1256883/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 21-июлу № 163 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу " Мыйзамы (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202374

---

КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары 2008-жылдын 21-июлу № 163

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2008-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202374/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 16-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндал-

сын: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан шайланат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кызмат ор- дуна талапкер ал Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилет.".

2. 19-статьяда:

5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасынын төрагасы ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:"; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президен- тинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ээ- леген кызматынан бошотулат."; 7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 23-статьяда:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарын токтотуу же жањылатуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашыры- лат."; 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Эсептөө палатасынын аудитору ыйгарым укуктуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:"; . 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Эсептөө палатасынын аудитору ээлеген кызматынан Кыргыз Респуб- ликасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бошотулат."; 7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөзгө алмаш- тырылсын.

5. 41-статьядагы "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Улут-

тук коопсуздук боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202374/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
