# 9-берене. Мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202373)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3803/edition/801203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202373/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 9-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-9

---

Мамлекеттик социалдык заказдарды жайгаштыруу ачык жана жарыя кон- курстар формасында жүргүзүлөт. Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн өзүнчө конкурстук комиссиялар түзүлөт, алардын курам- дары тийиштүү социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу мамле- кеттик заказчы тарабынан бекитилет. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы- нан бекитилүүчү жобо менен аныкталат. Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү мамлекеттик жана расмий тилдерде массалык маалымат каражаттарында жарыяланат, алардын нускалары мындай иш-аракет жүргүзүшү мүмкүн болгон бардык талапкерлерге карата жетиштүү маалымат алууга мүмкүндүк бериши керек.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-10)
