# 14-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруу келишими

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202373)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3803/edition/801203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202373/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 14-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-14

---

Тараптардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди кепилдөө үчүн соци- алдык заказдын келишиминин шарттары эки тарап тарабынан талкууланууга тийиш жана аткаруучуга анын макулдугусуз тањуулануусу мүмкүн эмес. Ке- лишимдин адилеттүү шарттары тараптардын ортосундагы мамилелердин конс- труктивдүү жана өз ара пайдалуу болушун камсыздоо үчүн негизги фактор болуп саналат. Келишимде социалдык заказды ишке ашыруу үчүн аткаруучуга заказчы берген гранттын жалпы суммасы, ошондой эле, иш-чараларды аткаруунун графиги камтылган толук бюджет белгиленүүгө тийиш. Келишим бир жагынан алганда заказчынын укуктары менен милдеттерин, экинчи жагынан алганда, ошондой эле, аткаруучунун укуктары менен мил- деттерин белгилөөгө тийиш. Келишимде бюджеттик каражаттарды чегерүүнүн шарттары каралууга ти- йиш. Тараптардын ыктыяры жана долбоордун өзгөчөлүктөрү боюнча бюджеттик каражаттар заказчы тарабынан аткаруучуга бир жолу төлөө менен же болбо- со этаптар түрүндө бир нече жолу төлөө менен чегерилиши мүмкүн. Мында экинчи жана андан кийинки чегерүүлөрдүн шарттары аткаруучу тарабынан келишимди аткаруунун ар бир мурдагы этаптагы сапатына жана көлөмүнө байланыштырылышы ыктымал. Аткаруучу аткарган иштин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн келишимде аткаруучунун заказчыга өз иш-аракети жөнүндө отчетун жана финансылык отчетун берүүсүнүн милдеттүүлүгү каралууга тийиш. Мында программанын (долбоордун) узактыгына жараша мындай түрдөгү отчетторду берүүнүн мөөнөттөрү жана этаптары каралышы мүмкүн. Келишимде заказчынын берилген бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу- чунун ишин финансылык жактан текшерүүнү кайсы мезгилде болбосун уюшту- руу жана социалдык заказ келишимин аткаруу боюнча аткаруучунун иш-ара- кетин иликтөөнү (мониторингди) жүзөгө ашыруу укугу караштырылуусу ке- рек. Келишимде социалдык заказ келишиминин шарттарын бузуунун кесепет- тери көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-15)
