# 12-берене. Конкурстун жењүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202373)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3803/edition/801203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202373/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 12-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-12

---

кагылышын айкындоо жана четтетүү

Конкурстун жењүүчүлөрүн тандап алуу механизминде мамлекеттик соци- алдык заказ боюнча бюджеттик каражаттарды өзү каалагандай негизде, анын ичинде саясий же жекече жүйөлөр боюнча ыйгаруудан качуу максатында та- лапкерлерге адилеттүү баа берүү караштырылууга тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөсү, эгер анын кайсы бир катышуучуга ка- рата тикелей же кыйыр түрдө кызыкчылыгы бар болсо (кызыкчылыктардын ка- гылышынын орун алышы), бул тууралу конкурстук комиссиянын жыйынында ко- миссиянын калган мүчөлөрүнө ачык айтууга жана ушул катышуучунун долбо- ордук сунуштарына добуш бербей тургандыгы жана бул катышуучунун долбо- ордук сунушун талкуулоого катышпай тургандыгы жөнүндө жарыялоого тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын кагылышы ме- нен кабыл алынган конкурстук комиссиянын чечими сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурстун катышуучулары же болбосо башка кызыкчылы- гы бар жактар конкурстук комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен тийиштүү арызы менен сотко кайрылуу уку- гуна ээ болот. Конкурстук комиссиянын кызыкчылыктардын кагылышы менен кабыл алынган чечими сот тартибинде жокко чыгарылган учурда социалдык заказ келишими (эгерде ал түзүлсө) жараксыз деп табылып, конкурстук ко- миссия конкурстун жењүүчүсүн жањыдан тандап алууну жүргүзөт. Мында кон- курстук комиссиянын кызыкчылыктардын кагылышы бар экенин жашырып-жапкан мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарты- лат, ал эми жењип чыккандыгы сот тартибинде жокко чыгарылган катышуучу конкурска кайра катыштырылбайт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-13)
