# 11-берене. Конкурстун катышуучуларына карата талаптар

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202373)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3803/edition/801203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202373/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 11-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-11

---

Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз иш-аракетин жүзөгө ашырган жана конкурстук программада (долбоордо) жарыяланган чөйрөдө кеминде бир жылдан кем эмес тажрыйбасы бар коммерциялык эмес уюмдар конкурска катыша алышат. Конкурска катышуучунун банктык эсеби болууга тийиш. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан) келишимдик негизде жалпы долбоордук топту түзүп, конкурска катышууга жалпы арызын бере алышат. Мындай учурда арызда жана долбоордук сунушта ушул коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда жоопкерчиликтин бөлүнүшү жа- на долбоорду ишке ашырууда алардын ар биринин салымы аныкталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-12)
