# 10-берене. Конкурстук комиссияларды түзүү

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202373)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 70 "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3803/edition/801203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202373/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 10-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-10

---

Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн жыл сайын конкурстук комиссиялар түзүлөт. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар республикалык програм- малар (долбоорлор) боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эки же андан көп облустарынын аймагында ишке ашыруу болжолдонгон регионалдык программалар (долбоорлор) боюнча конкурстук комиссияларды түзөт. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү республикалык бюджеттен каржылануучу программалар (долбоорлор) боюнча, эгерде мындай программалар (долбоорлор) алардын жоопкерчилигиндеги ай- мактарда гана жүзөгө ашырылса, аймактык конкурстук комиссияларды түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн жоопкерчили- гиндеги аймактарда жүзөгө ашыруу болжолдонгон жана жергиликтүү бюджет- тен каржылануучу программалар (долбоорлор) боюнча конкурстук комиссия- ларды түзөт. Конкурстук комиссиялар заказчынын өкүлдөрүнөн жана көз каранды эмес тышкы эксперттерден турууга тийиш. Конкурстук комиссиялардын сан- дык курамын заказчы аныктайт. Ошол эле учурда көз каранды эмес тышкы эксперттер комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 50 пайызын түзүүгө тийиш. Көз каранды эмес тышкы эксперттикке талапкерлерди өкмөттүк эмес уюмдар сунуштайт. Өкмөттүк эмес уюмдар конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып конкурстук комиссиялардын курамы (көз каранды эмес тышкы эсксперттикке талапкерлер) боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жөнөтүү укугуна ээ болот. Заказчы өкмөттүк эмес уюмдардын көз каранды эмес тышкы эксперттикке талапкерлер боюнча сунуштарын каттайт жана анын эсебин жүргүзөт. Эгерде көз каранды эмес тышкы эксперттердин сунушталган саны ко- миссиянын курамын түзүү үчүн зарыл сандан ашып кетсе, заказчы конкурс- тук комиссияларга талапкерлерди сунуш кылган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн ачык чүчүкулак кармоо жолу менен көз каранды эмес тышкы эксперттерди тандап алууну жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202373/st-11)
