# КР 2008-жылдын 21-июлу № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлу № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3802/edition/1176491/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 21-июлу № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202372

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 21-июлу № 161 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 24, 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-1)

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-статьянын 1-пунктундагы "алардын соттолгону алына элек же тындырыла элек болсо" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 1-пунктундагы "алардын акталбаган соттуулугу болгон, же соттуулугу жоюлбаган" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-3)

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-4)

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-5)

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-6)

(КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-7)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: 7-статьяда: статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон адамдар ички иштер органдарынын кызматкерлери боло алышпайт."; тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-бөлүктөр 3 жана 4-бөлүктөр деп эсептелсин.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202372/st-8)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
