# КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 159 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 159 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3800/edition/465891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 159 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (21.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202370

---

Бишкек ш,Өкмөт Үйү

2008-жылдын 21-июлундагы № 159

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү

киргизүү тууралу

2008-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене. "Кыргыз Республикасынындагы географиялык аталыштар](https://aqlex.ai/kg/doc/202370/st-1)

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., 534-ст.)төмөнкү-

дөй өзгөртүү киргизилсин:

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202370/st-6)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Административдик-аймактык бирдиктери, жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, шаар тибиндеги поселок-

торду, айылдарды адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого

тыюу салынат.".

### [2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө](https://aqlex.ai/kg/doc/202370/st-2)

кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
