# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү](https://aqlex.ai/kg/doc/202367)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 156 ""Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202367/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3797/edition/1176484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202367/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү, 1-берене (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202367/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору" 1994-жыл, № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук коопсуздук министирлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

"УКМ" деген аббревиатура "МУКК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.

2. 8-статьяда:

"УКМБ" жана "УКМБ" деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө "МУККБ" жана "МУККБ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын; экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алдында Антитеррористтик борбор, анын ичинде терроризмге каршы күжүрмөн бөлүктөр түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун ишаракетинин тартиби, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.".

3. 9-статьядагы "(мындан ары текст боюнча Улуттук коопсуздук министрлиги)" деген сөздөр алып салынсын.

4. 12-статьянын 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага жетектейт. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы МУККга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202367/st-2)
