Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору" 1994-жыл, № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук коопсуздук министирлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
"УКМ" деген аббревиатура "МУКК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
2. 8-статьяда:
"УКМБ" жана "УКМБ" деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө "МУККБ" жана "МУККБ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын; экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алдында Антитеррористтик борбор, анын ичинде терроризмге каршы күжүрмөн бөлүктөр түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун ишаракетинин тартиби, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.".
3. 9-статьядагы "(мындан ары текст боюнча Улуттук коопсуздук министрлиги)" деген сөздөр алып салынсын.
4. 12-статьянын 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага жетектейт. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы МУККга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202367/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>