1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 27-статьяда:
2-пункттагы "эки палата" деген сөз алып салынсын; 4-пункттагы "Жогорку Кењештин эки палатасы аркылуу" деген сөздөр "Жогорку Кењеш аркылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 39-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргызстандын Банкынын төрагасы жети жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењеши тарабынан шайланат. Төраганын орунбасары жана башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Кыргызстандын Банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлануу үчүн та- лапкер Кыргызстандын Банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп да- йындалган күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасы- нын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кирги- зилет."; 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргызстандын банкынын башкарма мүчөсү отставка берген учурда, тиешелүү түрдө жањы башкарма мүчөсү мурдагы дайындалган орундагы кызмат адамынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалышы керек. Анын ордун алмаштырган кызмат адамы кийин ыйгарым укуктардын толук мөөнөтүнө дайындалышы мүмкүн.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202365/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>