# КР 2008-жылдын 18-июлу № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлу № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3795/edition/764742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 18-июлу № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202365

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2008-жылдын 18-июлу № 154

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2008-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202365/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 27-статьяда:

2-пункттагы "эки палата" деген сөз алып салынсын; 4-пункттагы "Жогорку Кењештин эки палатасы аркылуу" деген сөздөр "Жогорку Кењеш аркылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 39-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргызстандын Банкынын төрагасы жети жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењеши тарабынан шайланат. Төраганын орунбасары жана башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Кыргызстандын Банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлануу үчүн та- лапкер Кыргызстандын Банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп да- йындалган күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасы- нын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кирги- зилет."; 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргызстандын банкынын башкарма мүчөсү отставка берген учурда, тиешелүү түрдө жањы башкарма мүчөсү мурдагы дайындалган орундагы кызмат адамынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалышы керек. Анын ордун алмаштырган кызмат адамы кийин ыйгарым укуктардын толук мөөнөтүнө дайындалышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202365/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
