# 2-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202354)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 14-июлу № 143 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3785/edition/1174968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202354/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, 2-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо- мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.

1. 8-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү ор- ганынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдо- нууга;"; 6-18-пункттар тиешелүү түрдө 7-19 пункттар болуп эсептелсин.

2. 9-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын: "16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгон учурда "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучу- лардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга;"; 16-27-пункттар тиешелүү түрдө 17-28-пункттар болуп эсептелсин.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-3)
