# КР 2008-жылдын 14-июлу № 143 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 14-июлу № 143 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3785/edition/1174968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 14-июлу № 143 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202354

---

Бишкек шаары 2008-жылдын 14-июлу № 143

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2017-жылдын 24-январындагы № 10,

2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-1)

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-2)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо- мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.

1. 8-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү ор- ганынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдо- нууга;"; 6-18-пункттар тиешелүү түрдө 7-19 пункттар болуп эсептелсин.

2. 9-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын: "16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгон учурда "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучу- лардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга;"; 16-27-пункттар тиешелүү түрдө 17-28-пункттар болуп эсептелсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-3)

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-4)

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-5)

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме, № 1, август, 1992-ж.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 8-статьяда: "же прокурордун санкциясы менен" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Зарыл учурда жазык сот өндүрүшүнө күбө, жабырлануучу жана башка катышуучу болгон аскер кызматчыга карата тийиштүү аскердик бөлүктөрдүн командованиеси же жогору турган комаидование тарабынан кылмыш же болбо- со жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судь- янын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык коопсуздук чаралары колдонулат.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-6)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот) .

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202354/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
