# 9-берене. Кыргыз Республикасынын судьясына квалификациялык классты ыйгаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285); 19.01.2010 [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 9-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-9

---

1. Квалификациялык класстар төмөндөгүлөргө ыйгарылат:

1) жергиликтүү соттордун судьяларына - бешинчи-экинчи квалификациялык класстар;

2) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына - биринчи квалификациялык класс ыйгарылышы мүмкүн.

Жергиликтүү соттордун судьяларына ишинин стажын, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын, кынтыксыз жүрүм-турумун эске алуу менен биринчи жана жогорку квалификациялык класстар ыйгарылышы мүмкүн.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматына биринчи жолу дайындалган жана квалификациялык классы жок судьяга дайындалган күндөн тартып кеминде алты айдан кийин бешинчи квалификациялык класс ыйгарылат.

Судьяга кезектеги квалификациялык класс кеминде үч жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн. Мында үч жылдык мөөнөт судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырбаган мезгилдеги мөөнөттү камтыбайт. Судьяга тартип жазасы колдонулган учурда үч жылдык мөөнөттүн өтүшү тартип жазасы жоюлду деп эсептелчү күнгө чейин токтотула турат. Судьяларга берилген квалификациялык класстар аларда өмүр бою калат. Кезектеги квалификациялык класс ыйгарылганда мурдагы квалификациялык класс күчүн жоготот.

3. Судьяны квалификациялык классынан ажыратууга жазык иши боюнча соттун өкүмү менен дайындалган кошумча жазанын түрү катары сот тартибинде гана жол берилет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-10)
