Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
51-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148
1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;
2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;
3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;
4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;
6) эмгек тартибинин эрежесин сактоого.
2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:
1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) өкүлү болууга;
2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;
3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;
4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу берилген белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;
5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;
8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;
9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:
- тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык иштерден. Көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этпеши керек;
- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши), Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иштерине катышуудан.
3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2016-жылдын 27-июлундагы № 149, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 27 июля 2016 года № 149 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
28.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актоого;
2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин алынып салынды: талаптарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын кошулду: талаптарын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла … ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;
6) алынып салынды: тиешелүү сотто белгиленген эмгек тартибинин эрежесин сактоого.
2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:
1) … жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) алынып салынды: ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө … протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынып салынды: алынган кошулду: берилген белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары … ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий алынып салынды: партиялардын, башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын кошулду: партиялардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) … тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:
- алынып салынды: судьялык милдеттерин аткарууда жолтоо болбогондой деңгээлде окутуучулук, илимий кошулду: тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык алынып салынды: иштерден;
кошулду: иштерден. Көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этпеши керек;
- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо алынып салынды: кеңеши) кошулду: кеңеши), Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иштерине катышуудан.
3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир … 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2016-жылдын 27-июлундагы № алынып салынды: 149 кошулду: 149, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-51" title="51-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>