# 5-берене. Судьянын анты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 5-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Ант салтанаттуу кырдаалда төмөнкүдөй мазмунда берилет: "Мен .... Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына киришип жатып, өз Ата-Мекенимдин жана элимдин алдында: сот адилеттигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык так, ак ниеттүү, калыс жана адилеттүү жүзөгө ашырууга; судьянын Ар-намыс кодексинин эрежелерин так сактоого ант берем.".

2. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары антты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жыйналышында өздөрү шайланган күнү беришет.

3. Жергиликтүү соттордун судьялары антты өздөрү дайындалган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен Жогорку соттун судьяларынын жыйналышында беришет.

Бир жергиликтүү соттон башкасына которулган жергиликтүү соттун судьясы ант берүүгө алып келинбейт. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-4)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-51)
