# 4-берене. Судьянын статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 4-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-4

---

1. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.

2. Адамда судьянын статусу тиешелүү соттун судьялык кызматына кирген күндөн тартып келип чыгат жана судьялык кызматтан бошотуу жөнүндө акт чыгарылган күндөн жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын ыйгарым укуктары токтогондон тартып токтотулат. Судья ант берген учурдан тартып кызмат ордуна кирди деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары бирдиктүү статуска эгедер жана өз ара тиешелүү сотторду уюштуруу жана процесстик иш жөнүндө мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктар менен гана айырмаланышат.

4. Судьяларга ээлеген кызматына, судьялык кызматтагы иш стажына жана мыйзамда каралган башка жагдайларга жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

5. Ээлеген кызматына жараша эмгек акысынын өлчөмүндөгү, ошондой эле отставкага чыккан же статусу токтотулган учурда чыгуу жөлөкпулдарынын өлчөмүндөгү айырмачылыктарды белгилөө жана ээлеген кызматына, иш стажына жана башка жагдайларына жараша ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жана башка айырмачылыктар статусу өзгөрүлдү дегенди билдирбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-5)
