# 35-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 11.07.2013 [Конституционный Закон КР от 11 июля 2013 года № 130 "О внесении изменения и дополнения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203938); 26.05.2012 [Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203666); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285); 19.01.2010 [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 35-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-35

---

1. Ушул конституциялык Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2. (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-1. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-2. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-3. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-4. Ушул конституциялык Мыйзамдын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоону өткөрүү үчүн судьянын бош кызмат орду болушу бөлүгүндөгү ченемдери 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүчү конкурстук тандоо учурларына жайылтылбайт. 2-5. Судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судья ээлеп турган кызмат ордунан "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык ээлеп турган кызмат ордуна башка судьянын шайланышына же дайындалышына байланыштуу, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан бошотулат. Ушул конституциялык Мыйзамдын 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жоболору судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судьяга жайылтылбайт. Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 96-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 4, 95-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 177-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 577-ст.).

4. Сот органдарына жана судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 11-июлундагы № 130, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-34)
