# 34-берене. Судьяларды мамлекеттик коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102892..1102893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 34-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-34

---

1. Судьяларды мамлекеттик коргоо алардын кызматтык ишине байланыштуу өмүрүнө, денсоолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо камсыз кылынат жана төмөнкүдөй коопсуздук чаралары көрүлөт:

1) жеке кайтаруу, турак жайын жана мүлкүн кайтаруу;

2) курал, жекече коргонуунун атайын каражаттарын берүү жана коркунуч жөнүндө кабарлоо;

3) коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу;

4) коргоого алынган судья жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;

5) башка сотко которуу (ротациялоо), иштеген (кызмат кылган) жерин өзгөртүү жөнүндө сунуш кылуу;

6) башка жерге жашоо үчүн көчүрүү.

2. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары судьялардын жакын туугандарына карата да колдонулушу мүмкүн. Көрүлүп жаткан коопсуздук чаралары коргоого алынган адамдардын турак жайлык, эмгектик, пенсиялык жана башка укуктарын кысымга албоого тийиш.

3. Коопсуздук чараларын колдонуу шарттары жана тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-35)
