# 33-берене. Судьяны жана анын үйбүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2020 [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042); 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285); 19.01.2010 [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102904..1102905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 33-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-33

---

1. Судья мамлекеттин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Ооруган учурда дарыланууга байланышкан чыгымдар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат. Медициналык маалым-кат менен ырасталган судьянын ооруган мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат.

Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу судья мертинген же анын андан ары кесиптик ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган денсоолугуна башкача зыян келтирилген учурда ага ай сайын эмгек акы менен мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрдү кошпостон дайындалган пенсиянын ортосундагы айырмачылык түрүндө компенсация төлөнөт.

2. Судьянын өмүрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

Судья кайтыш болгон учурда, ошондой эле ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын үйбүлөсүнө судьялык иштеги ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинде бир жолку, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем болбогон жөлөкпул төлөнөт.

3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана отставкага кеткенине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык стажы жыйырма жана андан көп жыл болсо; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 3 жана 7-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; судьялык стажы он беш жана андан көп жыл болсо ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн акыркы кызмат орду боюнча төлөнгөн орточо бир айлык эмгек акынын эсебинде, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судья болуп кайрадан шайланган же дайындалган адамдарга мурда кызмат ордунан бошотулганда же судьянын ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда акыркы шайланган же дайындалган учурдан тартып өткөн судья болуп иштеген убактысы гана эсепке кирет.

4. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга, ошондой эле отставкадагы судьяларга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдө эсептелет:

- судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 1,5 эселенген үстөк акы;

- судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2 эселенген үстөк акы;

- судья катары 25 жана андан ашык жыл иш стажы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2,5 эселенген үстөк акы.

5. Судьялык иштин стажысын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.

6. Конституциялык соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажысын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

7. Ушул берене менен белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-34)
