# 32-берене. Судьяларды материалдык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102891..1102892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 32-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-32

---

1. Судьялар сот бийлигин финансылоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан эмгек акы менен камсыз кылынат.

Судьялардын эмгек акы шарты Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан аныкталат. Судьялардын эмгек акысынын өлчөмү алар кызматта турган кезинде азайтылышы мүмкүн эмес.

2. Турак жайга же аны жакшыртууга муктаж болгон судьяларга кызматтык турак жай берилет же турак жайды арендалоого байланыштуу чыгымдар компенсацияланат же болбосо турак жай шартын жакшыртуу үчүн жетиштүү финансылык каражаттар сот системасынын бюджетинен бөлүнөт.

Судьяга кызматтык турак жай судья өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган сот турган жерден берилет. Кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү судьянын ар бир бүлөсүнө алынганда турак жай аянтынын кеминде 20 чарчы метринен аз болбошу керек. Кызматтык турак жай менчиктештирилбейт. Жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча ыйгарым укуктары токтотулган, кеминде 20 жылдык судьялык иш стажы бар жана кызматтык турак жайды ээлеп турган судья мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө квартира же үй түрүндө турак жай менен камсыз кылынат же ага жеке турак жай куруп алууга көмөк көрсөтүлөт. Турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай куруп алууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби Судьялар кеңешинин макулдугу менен Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Судьяга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте денсоолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөп берүү менен узактыгы отуз календарлык күнгө барабар ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү белгиленет.

Судьяга анын юридикалык кесип боюнча иш стажын эске алуу менен жыл сайын төмөндөгүдөй кошумча акы төлөнүүчү өргүү берилет:

- 5 жылдан 10 жылга чейин - 2 жумушчу күн;

- 10 жылдан 15 жылга чейин - 4 жумушчу күн;

- 15 жылдан 20 жылга чейин - 6 жумушчу күн;

- 20 жылдан жогору болгондо - 8 жумушчу күн.

Аял-судьяларга боюнда болгондугу жана бала төрөгөндүгү, ошондой эле баланы баккандыгы боюнча өргүү эмгек мыйзамына ылайык берилет. Судьяга жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамына ылайык эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн.

4. Судья акысыз формалык кийим (мантия) менен камсыз кылынат.

Формалык кийимдин (мантиянын) сыпатталышы, аны кийип жүрүү жана эсептен чыгаруу мөөнөтү, формалык кийимди (мантияны) судьяларга берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. (КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-33)
