# 30-берене. Судьяга карата жазык ишин козгоо, судьяны жазык жоопкерчилигине, сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 07.07.2014 [Конституционный Закон КР от 7 июля 2014 года № 116 "О внесении изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205337); 10.08.2012 [Конституционный Закон КР от 10 августа 2012 года № 167 "О внесении дополнения и изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203767); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 30-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-30

---

1. Судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) кабыл алат.

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча жол берилет.

Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тийиштүү сунушту киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары, судья айыпталып жаткан жазык мыйзамынын беренеси, жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт.

3. Судьяны сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.

4. Жазык ишин же администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын же укук бузуунун курамынын квалификацияланышы өзгөргөн учурда ал судьянын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болсо, судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга ушул беренеде белгиленген тартипте жол берилет.

5. (Бөлүк КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.

7. Ошол эле негиздер боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан андай макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда судьяны жазык же сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө кайталап сунуш киргизүүгө жол берилбейт.

8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде белгиленген тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечими даттанылбайт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 10-августундагы №167, 2014-жылдын 7-июлундагы № 116, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечимин караңыз

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-31)
