# 28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2020 [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042); 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102904..1102905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 28-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-28

---

1. Судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:

1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 08-р чечими

2) судьянын Абийир кодексин одоно бузганда;

3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда;

4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы анын ишине кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;

5) өз мүлкүн, кирешелери менен чыгашаларын өз убагында декларациялабаганда жана бербегенде, мында ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;

6) сот ишинде терс кесепеттерге алып келген эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда;

7) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-6, 8-пункттарында каралган судьяга коюлуучу башка талаптарды одоно бузганда.

3. Эгерде мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

4. Судьяны тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй тартип жазасынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:

1) алдын ала эскертүү;

2) эскертүү;

3) сөгүш берүү;

4) судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Ар бир тартип бузган жосун үчүн жасалган жосундун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунун жасаган судьянын күнөөсүнүн формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен бир гана тартип жазасы көрүлөт. Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы көрүлгөндөн кийин жаңы тартип жосунун жасабаса, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.

5. Судьяга алдын ала эскертүү судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүү жана сөгүш - судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.

Алдын ала эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүү - тогуз ай мөөнөттү, сөгүштүкү - он эки ай мөөнөттү түзөт. Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

6. Судьяны тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартип жазасынын эң катуу чарасы катары колдонулат.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызмат ордунан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары - Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

7. Судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.

Судьяга карата тартип жазасынын башка түрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин, Президенттин чечимдери даттанууга жатпайт. Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-мартындагы чечими

8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-271)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-29)
