# 27-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285); 19.01.2010 [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 27-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-27

---

1. Судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө, курагынын чегине жеткендигине байланыштуу токтотулат.

Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын (ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө) колдонулушу токтотулду (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

1) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;

2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;

3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;

4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;

5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) ал өлгөндө;

9) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны өлдү деп жарыялаганда;

10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны дайынсыз жок деп тааныганда;

11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;

12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

13) реабилитациялабоочу негиздер боюнча ага карата жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;

15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;

16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкканда;

17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;

18) Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.

2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган учурларда - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат.

Ушул берененин 11-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.

3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-26)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-271)
