# 25-берене. Судьяны кызматынан убактылуу четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 25-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-25

---

1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке, жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту - Президенттин кароосуна киргизет.

3. Судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

4. Кызматынан убактылуу четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-26)
