# 23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2020 [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042); 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102904..1102905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 23-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-23

---

1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:

1) өз каалоосу боюнча;

2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;

3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;

4) бир сотто жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын он беш жылдан ашык жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча.

Эскертүү. Ушул бөлүктүн 4-пунктунда каралган бир соттогу он беш жылдык иш стажына 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дайындалган учурдан тартып өткөн судья болуп иштеген убактысы эсепке кирет. Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттун судьяларын которууну (ротациялоону) жүзөгө ашыруу тартиби алар бекиткен Жободо аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган негиздер боюнча судьяларды которуу (ротациялоо) Судьялар кеңеши тарабынан жаш курак чегине жеткенге чейин дайындалган судьяларга карата алардын арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган судьянын жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын он беш жылдан ашык жүзөгө ашырып келе жатканы тууралуу маалымкат берет. Судьялардын арыздары Судьялар кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

Судьялар кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет. Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.

3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьялар кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.

5. Белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо), ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда, анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата жүзөгө ашырылат.

6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Судьялар кеңешинин чечими Президентке келген күндөн тартып он күндүн ичинде Жарлыкка кол коюлууга тийиш.

Президент сунушталган талапкер боюнча материалдар келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча аларды өзүнүн жүйөлөштүрүлгөн чечими менен Судьялар кеңешине кайтарып берүүгө укуктуу. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-24)
