# 22-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди дайындоо жана аларды жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жергиликтүү сотторго жиберүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 26 июня 2014 года № 94 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205315)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2014 [Конституционный Закон КР от 26 июня 2014 года № 94 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205315); 26.05.2012 [Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203666); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285); 19.01.2010 [Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102896..1102897>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 22-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-22

---

1. Жергиликтүү соттордун судьялары конкурстук тандоодон өткөн жана Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган адамдардын ичинен Президент тарабынан дайындалат.

2. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо үчүн талапкерге сунуштама Президентке киргизилет.

Президент өзүнүн жүйөөлөнгөн чечими менен сунушталган талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу. Бул учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде алган баллына жараша талапкерлердин тизмесинен жаңы талапкерди кезектүүлүк тартибинде сунуштайт. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайта сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт.

3. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо Конституцияда каралган мөөнөткө Президенттин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

Жергиликтүү соттун дайындалган судьясы Президенттин Жарлыгы менен жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн конкреттүү жергиликтүү сотко жиберилет. (КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2014-жылдын 26-июнундагы № 94 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-211)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-23)
