# 211-берене. Конкурстук тандоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 31 марта 2020 года № 31 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112030)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.03.2020 [Конституционный Закон КР от 31 марта 2020 года № 31 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112030); 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 08.12.2016 [Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111474)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102903..1102904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 211-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-211

---

1. Конкурстук тандоо - бул юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо үчүн инсандык, квалификация жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.

Конкурстук тандоо маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. (Абзац КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

1) (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:

1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун;

2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;

3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү. Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим ачык добуш берүү менен Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

3. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

Аңгемелешүүнүн суроолору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

31. Талапкер судья болуп дайындалган учурда өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга жазуу жүзүндө макулдук берет.

32. Талапкер өзүнүн полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндөгүнүн натыйжаларын кошумча берүүгө укуктуу. Анын натыйжаларын баалоонун тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунушталган талапкерлердин тизмеси конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү тартибинде, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес түзүлөт.

Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдардын эң көп санын алган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунуштамаланат. Конкурстук тандоодон өткөн жана босоголук баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Босоголук баллды албай калган талапкерлер, ошондой эле Президенттин жүйөлөнгөн чечими менен Судьяларды тандоо боюнча кеңешке материалдары кайтарып берилген талапкерлер, судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин гана катышууга укуктуу. Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштамалоо алган баллдарынын санына жараша, кезектүүлүк тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке сунуштамаланганына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат. Талапкерлердин тизмеси мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан таратылат. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат. (КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148, 2020-жылдын 31-мартындагы № 31 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-21)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-22)
