# 19-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурска документтерди берүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2020 [Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112042); 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 08.12.2016 [Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111474); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102904..1102905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 19-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-19

---

1. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же болбосо почта аркылуу берилет.

Судьяларды тандоо кеңешинин атына даректелген жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкердин арызы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) талапкердин жарандыгын жана жашын күбөлөндүрүүчү паспортунун көчүрмөсү;

2) "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, талапкерде юридикалык кесиби боюнча иш стажы бар экенин ырастаган башка документтери;

4) конкурска катышаар алдындагы бир жыл ичинде, талапкерде судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын жоктугун көрсөтүү менен берилген ден соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду;

5) (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Арызга талапкердин ким экендигин мүнөздөөчү башка документтер (пикирлер, сунуштар) тиркелиши мүмкүн. Судьяны кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын документтери Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет. Жергиликтүү соттордун судьяларынын документтери Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын учурдагы судьяларынын документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) судьянын өздүк ишин;

2) караган иштеринин санын жана сапатын чагылдыруучу судьялык кызмат ордунда иштеген мезгилиндеги маалыматтарды;

3) сыйлыктары, кубаттоолору жана жазалары жөнүндөгү маалыматтарды;

4) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлердин арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан аныкталат жана кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он төрт күндөн аз болбоого тийиш.

Ошондой эле ушул берене менен белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилген документтер кабыл алынбайт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алгандан кийин тиешелүү органдардан талапкердин соттуулугу жөнүндөгү маалыматты өз алдынча сурап алат. Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган он күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө талапкердин соттуулугунун бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматты жиберүүгө милдеттүү.

5. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга документтери кабыл алынган адамдар талапкерлердин тизмесине киргизилет. Талапкерлердин тизмеси талапкерлердин кесиптик жана моралдык сапаттары жөнүндө пикирлерди алуу үчүн конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып кырк күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына жана Судьяларды тандоо кеңешинин интернет-сайтына жарыяланат.

Пикирлерди алуу үчүн мөөнөт Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан аныкталат. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-20)
