Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40
1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орду төмөнкүлөргө байланыштуу түзүлөт:
1) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына;
2) Конституцияда белгиленген куракка жеткенине;
3) жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына;
4) жергиликтүү соттордун судьясынын жаңы штаттык бирдиги киргизилгендигине;
5) адистештирилген соттордун түзүлүшүнө.
4. Судьяларды тандоо кеңеши жергиликтүү соттун судьясынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик басма сөз органдарына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин сайтына жайгаштырылат.
Жергиликтүү соттун судьясы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес өзүн жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Улуттук кеңешке арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Судьяларды тандоо кеңеши арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө аны ушул Конституциялык мыйзамдын 211-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоого сунушталбаса, анда жергиликтүү соттун судьясынын боло турган бош кызмат ордуна иштеп жаткан судьянын талапкерлиги четтетилген күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен конкурс жарыяланат. Мындай судья анын талапкерлиги Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан четке кагылган күндөн тартып бир жылдан кийин гана судьялардын бош кызмат орундарына болгон башка конкурстарга катышууга укуктуу. Көңүл буруңуздар! "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 18-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын колдонулушу токтотулду
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарынын негизинде бош орун пайда болгондо жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин интернет-сайтына бош орун пайда болгон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.
6. (КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту).
(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 11 апреля 2020 года № 40 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жергиликтүү соттун судьясынын кошулду: бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс
1. Жергиликтүү соттун судьясынын … жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда алынып салынды: аяктаганына же судьянын кызмат ордунан бошотулганына;
кошулду: токтотулганына;
4) жергиликтүү соттордун судьясынын жаңы штаттык бирдиги … чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, алынып салынды: же жергиликтүү соттун алынып салынды: судьяларынын кошулду: судьясынын ыйгарым алынып салынды: укуктары кошулду: укуктарын мөөнөтүнөн мурда алынып салынды: токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон кошулду: токтотуу жөнүндө актыны кабыл алган күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун … № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2016-жылдын 8-декабрындагы № алынып салынды: 194 кошулду: 194, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 40 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралындагы №02-р "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна…Сот практикасы · Решение · 14.02.2018 · № 02-р
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралындагы №02-р "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кайрылуусуна…Решение · 14.02.2018 · № 02-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №666 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 29.10.2009 · № 666 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 19.01.2010 · № 6 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>