# 17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 08.12.2016 [Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111474); 26.05.2012 [Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203666); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 17-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-17

---

1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.

2. (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Жергиликтүү сотторго төмөнкүдөй адамдар судья болушу мүмкүн эмес:

1) соттуулугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынган же жоюлган;

2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан бошотулган;

3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылгандар;

31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реаблитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;

4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.

4. Судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкү кызматтардагы иш убактысы эсептелет:

- жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин депутаттарынын;

- Президенттин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;

- Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөлөрүнүн, укук тартиби, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелерин алып барган ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын (юридикалык жогорку билим алган учурдан тартып) жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын юридикалык жогорку билими бар жардамчыларынын, консультанттарынын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Аппаратынын юридика бөлүмчөсүнүн, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн;

- Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлеринин;

- Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппаратынын кызматкерлеринин;

- жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин;

- прокуратура органдарынын кызматкерлеринин;

- юстиция системасынын кызматкерлеринин;

- ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- бажы органдарынын жана финансы полиция органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле аларга караштуу мекемелердин юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын жогорку юридикалык билими бар кызматкерлеринин;

- менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;

- Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын;

- Кыргыз Республикасынын нотариустарынын;

- жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессорлор-окутуучулар курамынын, окумуштуу катчысынын.

Мында адистиги боюнча иш стажына орунду ээлөөдө юридикалык жогорку билимдин болушунун милдеттүүлүгүн талап кылган кызмат орундарында иштеген убакыт кошуп эсептелет. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 06-р чечими Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 06-р чечими Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 01-февралындагы № 02-р чечими

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-18)
