Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194
1. Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья болушу мүмкүн.
Жогорку соттун Конституциялык палатасына 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат. 1-1. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн талап кылынган юридикалык кесип боюнча иш стажына ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жергиликтүү соттордун судьялары үчүн каралган кызмат орундарындагы иштөө убактысы кошуп эсептелет.
2. Жогорку соттун, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Жогорку соттун судьялары Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат; Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары - биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө, ал эми андан кийин - Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат.
3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинде белгиленген тартипте, конкурстук тандоо өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. (Абзац КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен же Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда кыскартылганга же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.
5. Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши керек.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) паспорттун көчүрмөсү;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) талапкердин юридикалык кесип боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган эмгек китепчесинин жана башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) конкурска катышаардын алдындагы бир жыл ичинде берилген ден-соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду.
Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын иштеп турган судьялары арыз берүү жолу менен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу. Конкурска катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын судьяларынын өздүк делолору Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аппараттары тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине сунушталат.
6. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлигин Президентке киргизет.
6-1. Талапкерлерде Жогорку соттун жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон учурда, Президент аларды он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт. Президент Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке өзүнүн чечимин жүйөөлөштүрүү менен кайтарып берүүгө укуктуу. Эгерде Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайларды белгилебесе. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке ушул эле талапкер боюнча сунушту кайталап киргизет. Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна мурда сунушталган талапкерди Президентке кайталап киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан кайрадан көрсөтүлгөн талапкерди Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна дайындоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон мурда киргизилген талапкерлер менен бирге, Судьяларды тандоо боюнча кеңештен кайрадан сунуш келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президент тарабынан баяндалган жагдайлар менен макул болгон учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде талапкерлердин тийиштүү тизмесинен кезектүүлүк тартибинде жаңы талапкерди алган баллына жараша сунуштайт. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайталанган сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш калган бош орундарга жаңы конкурстук тандоо жарыялайт.
7. (Биринчи абзац КР 2014-жылдын 26-июнундагы № 94 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сунушталган талапкер боюнча Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чечим кабыл алат.
8. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Жогорку Кеңеште шайланбай калган учурда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин тизмесинен Судьяларды тандоо кеңешинин сунуштамасы менен Президент башканын талапкерлигин киргизет.
Жогорку соттун, Жогорку срттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн жаңы талапкерлик боюнча Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.
9. Жогорку сотко, Жогорку соттун Конституциялык палатасына төмөндөгүдөй адамдар судья боло алышпайт:
1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугу барлар;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык ишке иштөө укугунун лицензиясынан ажыратылгандар;
31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;
4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2014-жылдын 26-июнундагы № 94, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 192, 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 06-р чечими Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 06-р чечими Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 01-февралындагы № 02-р чечими
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 8 декабря 2016 года № 194 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 29 ноября 2016 года № 192 "О внесении изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 26 июня 2014 года № 94 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (3)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2019-жылдын 1-февралындагы №02 "Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Сот практикасы · Решение · 01.02.2019 · № 02
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги N 6-р ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин…Сот практикасы · Решение · 19.04.2017 · № 06-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5-мартындагы № 18-р (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык…Сот практикасы · Решение · 05.03.2014 · № 18-р
Беренеге цитата келтиргендер (29)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги N 6-р ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин…Решение · 19.04.2017 · № 06-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2019-жылдын 1-февралындагы №02 "Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 01.02.2019 · № 02
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2498-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2012 · № 2498-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-январында № 2661-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2013 · № 2661-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 2530-V "К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 28.11.2012 · № 2530-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5130-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө"токтомуПостановление · 21.05.2015 · № 5130-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы№ 5397-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5397-V
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5-мартындагы № 18-р (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык…Решение · 05.03.2014 · № 18-р
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1089-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча…Постановление · 30.09.2011 · № 1089-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-августундагы № 950-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө"Постановление · 15.08.2011 · № 950-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2280-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө " токтомуПостановление · 13.09.2012 · № 2280-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-декабрындагы № 3441-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2019 · № 3441-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3571-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2020 · № 3571-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3572-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2020 · № 3572-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3573-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2020 · № 3573-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 3640-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2020 · № 3640-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-июнундагы № 3791-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2020 · № 3791-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3903-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2020 · № 3903-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3904-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2020 · № 3904-VI
29 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (7)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 19-апрелиндеги N 6-р ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин…Решение · 19.04.2017 · № 06-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Жогорку сотунун конституциялыкпалатасынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы №10-р "жаран Немат Максутович Катагановдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу…Решение · 15.04.2015 · № 6-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2019-жылдын 1-февралындагы №02 "Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 01.02.2019 · № 02
- Адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 21.10.1999 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2014 · № 94 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.06.2021 · № 76 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>