# 14-берене. Судьянын кол тийбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202352)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111655); 13.06.2011 [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352#diff=1102902..1102903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3783/edition/1102891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202352/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө, 14-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-14

---

1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

2. Судья, анын ичинде ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202352/st-15)
